Башкы беткеЭкономикаКыргызстан балдарга жана инвестиция салуу аркылуу экономикалык өсүштү тездетет

Кыргызстан балдарга жана инвестиция салуу аркылуу экономикалык өсүштү тездетет

Бүгүн, 19-июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ЮНИСЕФ “Кыргыз Республикасындагы Generation 2050” аттуу изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштырды.

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан балдарга жана жаштарга инвестицияны көбөйтүү аркылуу 2050-жылга чейин жан башына эсептелген ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүн 14%га чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Адистердин баамында, өлкө учурда демографиялык мүмкүнчүлүктөр мезгилин баштан кечирүүдө. Анткени калктын жарымынан көбү 30 жашка чыга элек. Мындай шартта балдардын саламаттыгына, билим берүүгө, социалдык коргоого жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салынган инвестициялар узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө негиз болот.

Изилдөөдө балдардын туура тамактануусу, мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, социалдык коргоо системасын чыңдоо жана социалдык кызматтарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.

Иш-чаранын катышуучулары балдарга инвестиция салуу социалдык милдет гана эмес, өлкөнүн адам капиталын чыңдап, келечек муундардын бакубат жашоосуна өбөлгө түзө турган эң натыйжалуу экономикалык чечимдердин бири экенин белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар