Бишкек шаарында массалык уулануу фактысы катталып, 37 адам дарыгерлерге кайрылды. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган.
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, жабыркагандар Арча-Бешик конушундагы Абдуллах ибн Масъуд атындагы медреседе берилген оливье салатын жешкен.
Бейтаптар 18-июнда саат 12:00дөн тарта оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө кайрыла баштаган. Учурда алардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Маалыматка ылайык, уулангандардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлердин билдиришинче, анын абалы учурда туруктуу.
Окуянын себептери такталып, тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.



