Башкы беткеДүйнөНАТО коргонууну күчөтүү боюнча жаңы план кабыл алды

НАТО коргонууну күчөтүү боюнча жаңы план кабыл алды

Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында альянска мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өтүп, анда Ирандын айланасындагы кырдаал, Европанын коопсуздугу жана коргонуу чыгымдарын көбөйтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте альянс өлкөлөрү коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу күчөтүүгө багытталган жаңы планды колдошконун билдирди.

Анын айтымында, НАТО учурда өз тарыхындагы эң ири өзгөрүүлөрдүн бирин баштан кечирип жатат. Жаңы демилгелер трансатлантикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана мүчө өлкөлөрдүн коргонуу даярдыгын жогорулатууга багытталган.

Жыйындан кийин Украинага аскердик жардам көрсөтүү маселеси боюнча өзүнчө кеңешме өтүп, ага Украинанын президенти Владимир Зеленский катышты. Ал Украинага учкучсуз жер үстүндөгү аппараттар жана алыскы аралыкка атылуучу артиллериялык ок-дарылар жетишсиз болуп жатканын айтып, бул каражаттарга болгон муктаждык жогору экенин белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө Германия, Нидерланд жана дагы сегиз мамлекет Украина үчүн АКШда өндүрүлгөн курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып алуу программасын каржылоого кошумча каражат бөлүүгө даяр экенин билдиришти.

Улуу Британия болсо Украинага абадан коргонуу ракеталарын, радиолокациялык жабдууларды жана башка аскердик жардамдарды берүү ниетин жарыялады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар