Башкы беткеМаданиятНобель сыйлыгынын лауреаты Мо Яндын кыргыз тилинде китеби жарык көрдү

Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Яндын кыргыз тилинде китеби жарык көрдү

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Цивилизациялык бурулуш доорундагы дүйнө: келечекке бирге» аттуу Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында кытай адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Яндын кыргыз тилине которулган китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага форумдун катышуучулары, жазуучулар, окумуштуулар жана маданият ишмерлери катышып, дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн кыргыз окурмандарына жеткирүүнүн мааниси белгиленди.

Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында «Цивилизациялык бурулуш доорундагы дүйнө: келечекке бирге» деген темада Эл аралык Ысык-Көл форуму өтүүдө. Форумга дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген саясатчылар, окумуштуулар, жазуучулар, маданият ишмерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара Чыңгыз Айтматов негиздеген диалог аянтчасынын 40 жылдыгына арналган. Форум маданияттар аралык кызматташтыкты чыңдоого, гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга жана дүйнөлүк өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар