Кыргызстанда 2026/2027-окуу жылы үчүн биринчи класска кабыл алуу өнөктүгү уланууда. Билим берүү министрлигинин электрондук каттоо системасынын маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча 113 миңден ашык бала биринчи класска катталды.
Бишкек шаарында мектеп босогосун аттай турган балдардын саны 22,4 миңге жакындады. Алардын ичинен 11,7 миңге жакыны кыргыз тилинде билим берүүчү класстарга, ал эми 10,6 миңден ашыгы орус тилдүү класстарга кабыл алынган. Борбор калаада азырынча дагы 4 миңге жакын бош орун сакталууда.
Республика боюнча биринчи класстар үчүн жалпысынан 192,3 миң орун каралган. Учурда анын 79 миңи дагы бош бойдон калууда.
Белгилей кетсек, мектепке электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Алгачкы этапта балдар жашаган аймагындагы мектептерге катталса, учурда ата-энелер катталган дарегине карабастан, бош орун бар мектептерди тандай алышат.
2026/2027-окуу жылында биринчи класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.



