Нарын облусунда күчү 3,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Баетов айылынан 45 чакырым түштүк-батышта жана Нарын шаарынан 86 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Силкинүүнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында болжол менен 2,5 баллга жеткени белгиленди. Учурда жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.
Эске салсак, 19-июнда да өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андагы зилзаланын очогу Кытайдын аймагында болуп, Нарын шаарынан болжол менен 185 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Адистер жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенүүгө жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышат.



