Башкы беткеКоомОш шаарында жаңы «Жибек Жолу» базары ачылды

Ош шаарында жаңы «Жибек Жолу» базары ачылды

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жаңы «Жибек Жолу» базары ишке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы базардын аймагында 1400 соода орду уюштурулган. Биринчи кезекте соода жайлары мурдагы «Келечек» базарында иш жүргүзүп келген ишкерлерге бөлүнүп берилди.

Соода комплексинин аймагында негизги базардан тышкары төрт ангар да курулган. Бул жерге мурда Ош көчөсүндө соода кылып келген килем жана эмерек сатуучулар, ошондой эле Шейит-Дөбө аймагындагы курулуш материалдары базарынын соодагерлери көчүрүлдү.

Мындан сырткары, базардын аймагында 11 коомдук тамактануу жайы ачылып, кийим-кече дүкөндөрү жана сулуулук салондору да жайгаштырылды.

Шаар бийлиги жаңы соода борбору ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаардагы соода инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө болоорун белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар