Башкы беткеКоомБишкекте Токтогул көчөсүндөгү веложолго бөлгүчтөр орнотула баштады

Бишкекте Токтогул көчөсүндөгү веложолго бөлгүчтөр орнотула баштады

Бишкек шаарында велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында Токтогул көчөсүндөгү веложолго атайын бөлгүчтөр орнотула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи сыноо тилкеси Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүн камтыйт. Бул жерде бөлгүчтөрдүн жол кыймылынын коопсуздугуна жана бардык катышуучулар үчүн ыңгайлуулугуна тийгизген таасири бааланат.

Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин шаар тургундарынын жана веложол колдонуучуларынын пикирлери эске алынып, долбоордун жыйынтыктары талданат. Анын негизинде бөлгүчтөрдү шаардын башка аймактарына орнотуу боюнча чечим кабыл алынат.

Белгиленгендей, долбоордун экинчи этабында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштерди жүргүзүү пландалууда.

Долбоордун негизги максаты — велосипедчилердин коопсуздугун жогорулатуу жана шаар ичинде жүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар