Башкы беткеКоомКыргызстан менен Тажикстандын акыйкатчылары кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын акыйкатчылары кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Тажикстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозода кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, бул адам укуктарын коргоо жаатында эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн алгачкы расмий келишим болуп саналат.

Меморандумга ылайык, тараптар жарандардын укуктары бузулган учурлар боюнча өз ара маалымат алмашып, кайрылууларды биргелешип кароого жана укуктарды калыбына келтирүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле биргелешкен жарандарды кабыл алуу, мониторинг жүргүзүү жана укуктук кеңеш берүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 23-июнда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук органдарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өтөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар