Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 22–25-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашы жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталат.
Ошондой эле бул күндөрү дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ жарандарды этият болуп, сел кооптуу аймактарда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.



