Башкы беткеМаданиятКыргыз Эл акыны Маркабай Аматов: "Аскар Акаевдин окумуштуу катары Ысык-Көл форумунда орду...

Кыргыз Эл акыны Маркабай Аматов: “Аскар Акаевдин окумуштуу катары Ысык-Көл форумунда орду бар”

        Илим тармагында эң бийик чокуларды багындырган Аскар Акаев — биздин алгачкы, туңгуч президентибиз. Биз бүгүн дүйнө жүзүнө кыргыз адабиятын тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен сыймыктанабыз. Коомго белгилүү болгондой, кезинде Чыңгыз Айтматов Аскар Акаевдин мамлекет башчылыгына келишине, анын талапкерлигинин тандалышына зор салым кошуп, алгачкылардан болуп колдоп чыккан инсандардын бири болгон. Алардын ортосундагы мамиле абдан ынак, интеллектуалдык деңгээли жогору жана өз ара сый-урматка негизделген.

Ошондуктан, Аскар Акаевдин Чыңгыз Айтматовдун атындагы Ысык-Көл форумуна чакырылып, ага катышуусу — чындыгында абдан орундуу жана актуалдуу окуя болду.
“Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч” — дейт кыргыз эли. Бизде Аскар Акаевди түрдүү себептерден улам айыптап, өткөн иштерге күнөөлөгөн учурлар да жок эмес. Бирок, калыстык үчүн айтсак, ал өз убагында кыргыз эли үчүн адал кызмат кылууга, колунан келген аракетин жумшоого умтулган инсан. Жаңылыштык кимде гана болбойт? Кемчиликсиз адам болбойт. Тилекке каршы, биз кээде анын каталарын ашыкча көбүртүп-жабыртып, аша чаап күнөөлөп алган учурларыбыз бар.

Аскар Акаевдин бул форумга келип, өзүнүн окумуштуулук деңгээлиндеги баалуу ойлорун ортого салганы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына болгон терең жана мазмундуу пикирин билдиргени кубандырат. Эң негизгиси — ал Кыргызстандын келечеги, азыркы өлкө башчыбыз жүргүзүп жаткан саясат тууралуу өзүнүн ак дилден чыккан колдоосун жана тилектештигин билдирди. Мунун эмнеси жаман? Бул жерде эч кандай терс көрүнүш же кек сактай турган жагдай жок.

Айрым адамдардын ушул күнгө чейин өткөн-кеткенди кечире албай, нааразы болуп жатканын туура эмес деп эсептейм. Убакыт өтүп, тарых баарын өз ордуна коёт. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилеринин мурунку президенттердин айрым кемчиликтерин кечирип, аларды ынтымакка чакырып жатканы — келечегибиз үчүн абдан маанилүү кадам.

Аскар Акаев сыяктуу интеллектуалдык деңгээли бийик, тажрыйбалуу инсандардын өлкөбүздүн ушундай улуу маарекелерине, куттуу иш-чараларына келип, өз пикирин айтып турушу — мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн гана пайда алып келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар