Бишкек мэриясы борбор калааны жашылдандыруу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев Shuttle Fest Ecoadam фестивалында билдирди.
Анын айтымында, учурда негизги долбоорлордун бири Алыкулов көчөсүндө үч деңгээлдүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү болуп саналат.
“Алыкулов көчөсүндө темир жолдон Жайыл Баатыр көчөсүнө чейинки тилке үч деңгээлдүү жашылдандырылат. Биз мыйзамсыз курулуштарды толугу менен сүрдүрдүк. Бул шаардын батыш тарабындагы “жашыл дарбазага” айланат”, – деди Рамиз Алиев.
Белгилей кетсек, президенттин 2025-жылдын 27-мартындагы жарлыгына ылайык, 2029-жылга чейин Бишкек жана башка калктуу конуштардын айланасында жашыл алкак түзүү, жашыл аянттарды көбөйтүү жана абанын булганышын көзөмөлдөөчү мониторинг лабораториясын түзүү каралган.



