Башкы беткеПрезидентЖумгалда мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү куруу пландалууда

Жумгалда мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү куруу пландалууда

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Райондун акими Жаныбек Исаков Мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу каралып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, райондо болжол менен 4 миң 350 тургун турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаек айылынан 2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

Мындан тышкары, Чаек айылында борборлоштурулган саркынды суу системасын жана тазалоочу курулмаларды куруу, райондук аянтча түзүү, ошондой эле Жумгалдын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.

Президент аймактарды комплекстүү өнүктүрүү жана инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар