Башкы беткеКоомТүндүк -Түштүк альтернативдик автожолу убактылуу кайра жабылды

Түндүк -Түштүк альтернативдик автожолу убактылуу кайра жабылды

Бүгүн, 23-июнда Түндүк – Түштүк альтернативдик автожолунун Сузак районуна караштуу тилкесинде жер көчкү жүрүп, унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, көчкү жолдун 340-чакырымында түшкөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, түшкөн жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 4 миң куб метрди түзөт.

Маалыматта белгиленгендей, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.

Учурда жолду тазалоо жана транспорт кыймылын калыбына келтирүү үчүн атайын техника тартылып, жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Тактап айтканда, тазалоо иштерине эки жүктөгүч, төрт грейдер жана бир манипулятор катышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды аталган багытта жолго чыгар алдында кырдаалды тактап алууга чакырды. Жарандар 112 бирдиктүү кызматы аркылуу жолдун абалы тууралуу маалымат алып, сапарын алдын ала пландаштыра алышат.

Адистер жол кыймылы толук калыбына келтирилгенге чейин айдоочулардан этият болууну жана коопсуздук эрежелерин сактоону өтүнүшүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар