Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан аймагында жайгашкан Сарыгой капчыгайында жаратылышты жана жапайы жаныбарларды изилдөө иштерин күчөтүү максатында фототузактарды орнотууга даярдык көрүү боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара NABU Кыргызстан тарабынан уюштурулуп, ага уюмдун жетекчиси Толкунбек Асыкулов катышты.
Анын алкагында уюмдун мониторинг бөлүмүнүн адистери түштүк аймактагы кызматкерлер үчүн практикалык окуу өткөрүштү. Катышуучулар фототузактарды туура орнотуу, аларды жайгаштыра турган жерлерди тандоо, мониторинг жүргүзүү ыкмалары жана аймактагы биотүрдүүлүктү изилдөө боюнча маалымат алышты.
Уюмдун маалыматына ылайык, NABU Кыргызстан өлкөнүн тоолуу аймактарында жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн фототузактарды үзгүлтүксүз орнотуп келет. Быйыл Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын бир катар аймактарында жайгаштырылган аппараттар аркылуу илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, тоо текеси, бугу, элик жана жапайы каман сыяктуу ондогон жаныбарлар сүрөткө тартылган.
Адистер белгилегендей, фототузактар сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн изилдөөгө, алардын санын аныктоого жана жаратылышты коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө дүйнөлүк Кызыл китепке кирген илбирстер тууралуу алынган маалыматтар илимий изилдөөлөрдө жана жаратылышты коргоо иштеринде кеңири колдонулууда.
Экологдор мындай мониторинг жапайы жаныбарларды сактоого жана өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого чоң салым кошорун белгилешет.




