Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан кыргызстандык ишкананын 200 миң доллардан ашык сумманы түзгөн алгачкы экспорттук келишими камсыздандырылды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте экспорттук камсыздандыруу механизмдерин өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул демилге ата мекендик компанияларга чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштөөдө жаралышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонууга жардам берет.
Кызматташуунун алкагында экспорттук операцияларды камсыздандыруу боюнча тарифтик саясат иштелип чыгып, камсыздандыруу уюмунун кызматкерлери атайын окутуудан өткөрүлгөн.
Алгачкы камсыздандыруу келишими агроөнөр жай тармагында иш алып барган ишкана менен түзүлүп, анын жалпы көлөмү 200 миң АКШ долларынан ашкан.
Адистердин айтымында, камсыздандыруу экспорттоочуга тышкы соода келишимдериндеги төлөмдөрдүн кечигүүсү же төлөнбөй калуу тобокелдигин азайтууга, финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жана каржы институттарынын ишенимин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, учурда жеңил өнөр жай тармагындагы ишкана менен дагы бир экспорттук келишимди камсыздандыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатканы маалымдалды.
Экспорттук камсыздандыруу системасын өнүктүрүү кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.



