Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айылында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп батирлүү турак жай комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, турак жай комплекси 2 гектар аянттагы жер тилкесинде курулуп жатат. Долбоор беш кабаттуу сегиз блоктон туруп, жалпысынан 217 батирди камтыйт.
Президентке курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилип, объекттин даярдыгы жогорку деңгээлде экени белгиленди. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80 пайызы аяктаганын билдирди.
Мамлекет башчысы курулуш аянтын кыдырып чыгып, аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал жооптуу тараптарга курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана сапат көзөмөлүн күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, мамлекеттик ипотекалык программа өлкөнүн бардык аймактарында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоого багытталган. Акыркы жылдары анын алкагында жүздөгөн батирлер курулуп, миңдеген үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө шарт түзүлүүдө.



