Башкы беткеПрезидентЧек ара: Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлдү

Чек ара: Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштеринин алкагында мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болуп келген Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов маалымдады.

Анын айтымында, аталган эки айылда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Жалпы калктын саны болжол менен 2500 адамды түзөт. Учурда айыл тургундарын каттоо иштери жүргүзүлүп, аларга Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү боюнча тиешелүү иштер башталат.

Маалыматка ылайык, Чоңгара жана Таш-Төбө айылдарынын ордуна кыргыз тарап Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жерлерди өткөрүп берген.

Ошондой эле чек ара маселелерин жөнгө салуунун алкагында Сай айылынан Таян айылын көздөй жаңы жол куруу үчүн 236 гектар жер аянты теңме-тең алмашылган. Бул жол пайдаланууга берилгенден кийин Баткен облусунун тургундары үчүн жол кыйла кыскарат.

«Мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 чакырым айланып жүрбөстөн, Сай айылы аркылуу Таян айылына өтүп, болжол менен 55 чакырым жол менен жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», — деп белгиледи Аскат Алагозов.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Казакстан менен чек арадагы айрым транспорттук маселелер боюнча да сунуштарды берген. Тактап айтканда, Токмок шаарынын тушундагы болжол менен 800 метрлик жол тилкесин теңме-тең жер алмашуу жолу менен жөнгө салуу сунушталган.

Бул тилке келечекте Алматы көчөсүнөн Кеминге чейин созулган, узундугу болжол менен 150 чакырым болгон төлөмдүү автомагистралды куруу долбоорунун бир бөлүгү катары каралып жатканы айтылды.

Президенттин басма сөз катчысы чек ара маселелерин чечүүдө мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турарын белгилеп, бул өңдүү маселелерди саясатташтырбоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар