Башкы беткеКоомБаткенде селден жабыркаган электр тармагы кайра ишке кирди

Баткенде селден жабыркаган электр тармагы кайра ишке кирди

Баткен облусундагы селдин кесепетинен үзгүлтүккө учураган электр тармагы толук калыбына келтирилди. Бул тууралуу аймактык электр тармактары ишканасы маалымдады.

Эске салсак, 22-июнда жааган катуу жамгырдан кийин сел жүрүп, электр тармактарынын административдик имараты менен “Баткен” көмөк чордонуна зыян келтирген. Натыйжада Баткен шаарынын жана Баткен районунун айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы убактылуу өчкөн.

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн авариялык топтор дароо ишке киришип, электр жабдууларын ылай жана таштандылардан тазалап,техникалык текшерүүдөн өткөрүштү. Ошондой эле жабыркаган объектилерде оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да катышып, сел каптаган аймактарды тазалоого жана авариялык чараларды аткарууга көмөктөштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар