Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун тургундары менен жолугушууда аймакта ири энергетикалык долбоор ишке ашырыла турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Орток айылында кубаттуулугу 325 мегаватт болгон күн электр станциясы курулат. Бул долбоор Нарын облусундагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири катары бааланууда.
Күн электр станциясынын курулушун АСТ Империал Строй жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырат. Долбоор үчүн жалпы аянты 455 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоорго тартылуучу инвестициянын жалпы көлөмү 250 миллион АКШ долларын түзөт.
Адистердин айтымында, станция пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, электр энергиясынын өндүрүшүн көбөйтүүгө жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.



