Башкы беткеКоом"Менин шаарым" тиркемесинде онлайн билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү ишке кирди

“Менин шаарым” тиркемесинде онлайн билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү ишке кирди

“Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде эми шаарлар аралык жүргүнчү ташуу каттамдарына электрондук билеттерди онлайн режиминде брондоо жана сатып алуу мүмкүнчүлүгү ишке кирди.

Билет сатып алуу үчүн тиркемеге кирип, “Кызматтар” бөлүмүн тандап, тиешелүү кызматты колдонуу жетиштүү. Анда колдонуучулар багытты, сапар күнүн жана транспорттогу орунду тандай алышат. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет тиркемеде сакталат жана аны транспортко отурганда көрсөтүүгө болот.

Жаңы сервис жарандардын ыңгайлуулугун жогорулатууга, билет сатып алууга кеткен убакытты кыскартууга жана калк үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта тиркемедеги электрондук кызматтардын тизмеси кеңейтилиши күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар