Башкы беткеПрезидентНарында ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор ишке ашууда

Нарында ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор ишке ашууда

Президент Садыр Жапаров 24-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарында Нарын шаары жана Нарын районунун өнүгүү жыйынтыктары менен таанышты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында учурда 43 объект курулуп жана реконструкцияланууда. Шаардын бюджети 350 млн сомго жетип, инфраструктуралык иштерди кеңейтүүгө шарт түздү.

Шаарда жалпы наркы 750 млн сомдук мамлекеттик ипотекалык турак жайлар курулууда. Ошондой эле жылуулук системасын модернизациялоо, көпүрөлөрдү куруу жана социалдык объектилерди жаңылоо иштери жүрүүдө.

Нарын районунда 2021–2025-жылдары жалпы 714,2 млн сомдук 40 объект ишке берилди. Бул аралыкта 48,7 чакырым жол асфальтталып, 21 чакырым канал оңдолду жана ичүүчү суу системалары жаңыртылды.

Аймакта ири инвестициялык долбоорлор да ишке ашууда. Алардын ичинде Куланак ГЭСи, күн электр станциясы жана кирпич заводу бар.

Президент Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар