БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН АРАСЫНДА УКУКТУК ПРОПАГАНДА ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ
Балдардын укуктук маданиятын калыптандыруу жана алардын арасында укук бузууларды алдын алуу — коомдун келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ. Окуучу өз укуктарын жана милдеттерин канчалык эрте жана туура билсе, ал укук бузуунун курмандыгы болуудан да, укук бузуудан да ошончолук корголгон болот.
Ушул максатта Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары билим берүү мекемелеринде окуучулардын арасында укуктук пропаганда иштерин системалуу негизде жүргүзүп келет. Бул иш жаза чарасы эмес, тескерисинче, алдын алуу жана тарбиялоо багытындагы маанилүү иш-чара болуп саналат.
Укуктук пропаганданын маани-маңызы
Укуктук пропаганда деп жарандардын, айрыкча өсүп келе жаткан муундун укуктук билимин, аң-сезимин жана мыйзамга болгон сый-урматын жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иши. Окуучулардын арасында жүргүзүлгөн мындай иш чаралар баланын өз укуктарын жана милдеттерин билүүсү, укук бузуунун кесепеттери, ошондой эле жоопкерчилиги жөнүндө так түшүнүк, мыйзамды урматтоо жана аң-сезимдүү жүрүм-турум көндүмүн өрчүтүү жана балдарды кылмыштуулуктун, зомбулуктун жана терс таасирлердин алдын алууну багытында натыйжаларды берет.
Профилактикалык иш-чаралар жөнүндө маалымат
2025-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан билим берүү мекемелеринде балдардын арасында укук бузууларды алдын алуу темаларында 1360, ал эми 2026-жылдын 3 айында ички иштер органдары менен биргеликте 7340 жолугушуу өткөрүлдү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө окуучуларга алардын укуктары менен милдеттери, укук бузуу үчүн каралган жоопкерчилик, ошондой эле зомбулуктан жана ар кандай коркунучтардан коргонуу маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын мындай көлөмү прокуратура органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алууга жана окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга олуттуу маани бергендигин көрсөтүп турат.
Жолугушууларда камтылган негизги темалар
Окуучулар менен болгон жолугушуулардын алкагында баланын курагына жана кызыкчылыктарына ылайыкташтырылган балдардын конституциялык укуктары жана милдеттери, жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн, анын ичинде мектептеги буллингден жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуу, баңги заттарды, тамеки жана спирт ичимдиктерин колдонуунун зыяндуу кесепеттери, маалыматтык коопсуздук жана интернет тармагындагы коркунучтардан сактануу жана кыйынчылыкка туш болгондо кайсы органдарга жана кимге кайрылуу керектиги жөнүндөгү темалар боюнча каралган.
Иштин максаты жана уландысы
Укуктук пропаганда — жазалоо эмес, алдын алуу куралы. Окуучуларга өз укугун коргой билүүнү жана мыйзам алдындагы жоопкерчиликти эрте түшүндүрүү алардын келечектеги татыктуу жаран болуп калыптанышынын негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары билим берүү мекемелери, ички иштер органдары, педагогикалык жамааттар жана ата-энелер менен биргеликте бул багыттагы ишти улантып, ар бир баланын укуктук жактан сабаттуу, өз укугун коргой билген жана мыйзамды урматтаган инсан болуп калыптанышына салым кошот.



