Башкы беткеКоомКыргызстандын окуучулары Тажикстандын парламентинин иши менен таанышты

Кыргызстандын окуучулары Тажикстандын парламентинин иши менен таанышты

Кыргызстандын мектеп окуучулары Тажикстанда өткөн XI «Шериктештиктин балдары» маданий-билим берүү форумунун алкагында Тажикстандын парламентине барып, өлкөнүн тарыхы жана маданияты менен таанышышты.

Форумдун катышуучуларын Тажикстандын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода тосуп алып, парламенттин түзүмү, ишмердүүлүгү жана мамлекеттин турмушундагы орду тууралуу айтып берди. Ошондой эле окуучулар Истиклол архитектуралык комплекси, Кохи Навруз сарайы жана Тажикстандын Улуттук музейине барып, кабыл алуучу өлкөнүн тарыхый жана маданий мурасы менен жакындан таанышты.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы уюштурган XI «Шериктештиктин балдары» форуму 15-июндан тарта Тажикстанда өтүп, ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар театрга барышып, Тажикстандын эл артисттеринин мастер-класстарына катышышты. Ошондой эле олимпиада чемпиондору менен жолугуп, алардын ийгилик сырлары менен таанышып, спорттук машыгууларга катышышты. Мындан сырткары, тажик усталарынын жыгач, металл иштетүү жана килем токуу өнөрү боюнча көрсөтмөлөрүнө күбө болушту.

Форумдун алкагында интеллектуалдык олимпиада, маданий-этнографиялык фестиваль жана инженердик аянтча уюштурулуп, анда окуучулар чыгыштын илимий мурасы, анын ичинде Аль-Хорезми менен Ибн Синанын эмгектери жана заманбап робототехниканын негиздери тууралуу маалымат алышты.

Белгилей кетсек, «Шериктештиктин балдары» форуму 2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси менен өткөрүлүп келет. Долбоорго КМШнын Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду колдоо көрсөтөт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар