Башкы беткеКоомКара-Суудагы сел каптаган жол ачылды

Кара-Суудагы сел каптаган жол ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан улам сел суулары каптаган жолдордо каттам толугу менен калыбына келтирилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 24-июнда саат 21:20 чамасында жааган нөшөрдөн улам Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече чакырымы сел алдында калган.

Окуя болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, №45 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада жол эки багытта тең унаа кыймылы үчүн ачылды.

Учурда жолду кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Мындан тышкары, Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылында да сел жүрүп, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда бардык каттамдар үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын министрлик билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар