Башкы беткеКоомБишкекте көп кабаттуу үйлөр үчүн жер тилкелерин сатып алуу уланууда

Бишкекте көп кабаттуу үйлөр үчүн жер тилкелерин сатып алуу уланууда

Бишкек мэриясы көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу иштерин улантып жатканын билдирди.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына ылайык, жер тилкесин сатып алууну каалагандар тиешелүү арыз жана керектүү документтер менен башкармалыкка кайрылышы керек.

Ошондой эле жер тилкелеринин сатып алуу баасын эсептөө тартиби бекитилип, арзандатылган коэффициенттер каралган. Ага ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин сатып алуу баасына 0,5 коэффициенти колдонулуп, нарк 50 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Кийинки жылдары жеңилдиктер акырындап азайтылат.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрына чейин аянты 1 гектардан ашкан жер тилкелерине кошумча 0,4 коэффициенти колдонулат.

Жер тилкесине менчик укугу сатып алуу-сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар