Бишкек шаардык “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын абоненттери эми суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тапшыра алышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы санариптик кызмат тиркемеде “Сервистер” бөлүмү аркылуу жеткиликтүү. Анда “Коммуналдык кызматтар” бөлүмүн тандап, “Бишкексууканал” сервисине кирип, учурдагы эсептегичтин көрсөткүчтөрүн киргизүү керек.
Шаардык бийлик жарандарды маалыматтарды туура жана так киргизүүгө чакырып, бул коммуналдык төлөмдөрдүн туура эсептелишине түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
Мэрия ошондой эле коммуналдык кызматтарды санариптештирүү улантыларын, жакынкы аралыкта башка муниципалдык ишканалар үчүн да ушундай онлайн сервистер ишке киргизилерин билдирди.



