Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 25-июнда Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты. Өзгөчө саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү маселелерине көңүл бурулду.
Министр Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Өз кезегинде Сауд Арабиянын жаңы элчиси Ияд бин Гази Хаким Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эки мамлекеттин кызматташтыгын чыңдоого өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.




