Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн XIV Санкт-Петербург эл аралык юридикалык форумуна катышты. Форум укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган ири эл аралык аянтча болуп саналат. Ага мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, юридикалык жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын алкагында Максат Асаналиев Россия Федерациясынын Башкы прокурору Андрей Гуцан, юстиция министри Константин Чуйченко жана Беларусь Республикасынын Тергөө комитетинин төрагасы Константин Бычек менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда укук коргоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, өз ара укуктук жардам көрсөтүү, экстрадиция жана кылмыш иштерин иликтөөдөгү кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле соттолгон адамдарды жарандыгы таандык болгон мамлекетте жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү боюнча кызматташтыктын оң жыйынтыктары белгиленип, бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өркүндөтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россиядагы өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралып, бул демилге жарандардын укуктарын коргоо, экстрадиция жана укуктук жардам көрсөтүү иштеринин натыйжалуулугун арттырары белгиленди.
Жолугушуулардын соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.



