Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн сааттык төлөм системасы сыноо режиминде ишке киргизилди.
Тиешелүү чечим Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы №90 токтомуна ылайык кабыл алынган. Жаңы система учурда Жеңиш аянтынын аймагындагы, Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан («One Group» соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосундагы) муниципалдык унаа токтотуучу жайда колдонулууда.
Аталган автотоктотмо 95 унаага ылайыкталган жана суткасына 24 саат иштейт.
Сыноо мезгилинде төмөнкү тарифтер белгиленди:
- алгачкы 15 мүнөт – акысыз;
- биринчи эки саат үчүн – 50 сом;
- андан кийинки ар бир саат үчүн – 10 сом.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин системанын натыйжалуулугу талданып, Бишкектеги башка муниципалдык унаа токтотуучу жайларга да сааттык төлөм механизмин киргизүү боюнча сунуштар даярдалат.
«Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы айдоочуларды белгиленген эрежелерди так сактоого жана муниципалдык автотоктотмолорду жоопкерчилик менен пайдаланууга чакырды.



