Башкы беткеКоомЭртең Таш-Көмүрдө жаңыланган «Шахтёр» стадиону расмий ачылат

Эртең Таш-Көмүрдө жаңыланган «Шахтёр» стадиону расмий ачылат

Жалал-Абад облусунда футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган үч ири спорттук объект 27-июнда расмий пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.

Ачылыш аземинин алкагында Таш-Көмүр шаарындагы толугу менен реконструкцияланган «Шахтёр» стадиону, Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион, ошондой эле Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» футбол клубунун жаңыланган окуу-машыгуу базасы жана жаңы футбол талаасы пайдаланууга берилет. Негизги объект катары Таш-Көмүр шаарындагы «Шахтёр» стадиону саналат. 1963-жылы курулган спорттук жай өз тарыхында алгачкы жолу капиталдык оңдоодон өттү.

Реконструкциянын жыйынтыгында стадион заманбап талаптарга жооп берген табигый газондуу футбол талаасы, 3975 орундуу трибуналар, медиа борбор, пресс-конференция залы, VIP ложа, машыгуу аянтчасы жана башка керектүү инфраструктура менен камсыздалды.

Расмий ачылыш аземи ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен коштолуп, андан соң Биринчи лиганын алкагында «Шахтёр» жана «Базар-Коргон» футбол клубдарынын беттеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, жаңыланган стадион аймактагы футболду өнүктүрүүнүн маанилүү борборуна айланып, спортчулардын машыгуусу жана республикалык мелдештерди өткөрүү үчүн заманбап шарттарды түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар