Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨкмөт башчы Нарын дарыясындагы ири ГЭСтердин курулуштары менен таанышты

Өкмөт башчы Нарын дарыясындагы ири ГЭСтердин курулуштары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы ири гидроэлектростанциялардын курулушу жана ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Алгач өкмөт башчысы иштеп жаткан Камбар-Ата-2 ГЭСинде болуп, станциянын экинчи гидроагрегатын куруу долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат алды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон дагы бир гидроагрегат орнотулуп, станциянын жалпы кубаттуулугу эки эсеге көбөйтүлөт. Ошондой эле ГЭСтин дамбасына кошумча суу төгүүчү курулманы куруу пландалууда.

Андан соң Адылбек Касымалиев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш аянтчасына барып, Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрөнүн жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда көпүрөнүн негизги конструкциялары орнотулуп, кирүү жолдору кеңейтилип, негизги курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө. Министрлер Кабинетинин төрагасы бардык инфраструктуралык объекттерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Жумуш сапарынын алкагында ал Токтогул ГЭСинде жүргүзүлгөн реконструкциянын жыйынтыктары менен да таанышты. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында станциянын төрт гидроагрегаты толугу менен заманбап жабдууларга алмаштырылып, учурда башкаруу системалары санариптик форматка өткөрүлүп жатат. Ошондой эле суу сактагычтын дамбасындагы мониторинг жана сейсмикалык коопсуздук системалары жаңыланууда.

Сапардын соңунда Адылбек Касымалиев энергетика тармагынын жетекчилерине күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү, гидротехникалык курулмалардын коопсуздугун камсыздоо жана өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар