Бишкекте «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуу» аттуу экологиялык жана социалдык долбоор ишке кирди. Долбоорду «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы менен GREEN AIR компаниясы биргелешип ишке ашырууда.
Долбоордун алкагында жаңы үйлөнгөн түгөйлөр үй-бүлө курган күнүнүн урматына бак отургузуп, борбор калааны жашылдандырууга салым кошо алышат. Катышуу үчүн бак отургузуу күнүнөн кеминде эки жума мурун Бишкек мэриясынын расмий сайты аркылуу арыз берүү талап кылынат.
Алгачкы болуп катталган беш түгөйгө көчөттөр бекер берилет. Бак-дарактар парктарга, скверлерге жана муниципалдык кызматтар тарабынан каралуучу аймактарга отургузулат.
Долбоорго катышуунун баасы мезгилине жараша 7 800 сомдон 15 500 сомго чейин. Катышуучулар үчүн бак отургузуу боюнча белек сертификаты да каралган.
Долбоор Бишкекти жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилигин арттырууга багытталган.



