Ош облустук Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт музейи СССРдин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эмгек Баатыры Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгына арналган ачык көркөм чыгармачылык сынакты жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабаралды.
Маалыматка ылайык, сынак улуу сүрөтчүнүн чыгармачылык мурасын кеңири жайылтуу, заманбап авторлорду колдоо жана өлкөдөгү көркөм өнөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында өткөрүлөт.
Сынак «Тургунбай Садыковдун мурасы» деген теманын негизинде уюштурулуп, катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча чыгармачылык иштерин сунуштай алышат:
– живопись;
– графика;
– скульптура.
Сынакка Кыргызстандын кесипкөй сүрөтчүлөрү, скульпторлору, графиктери жана чыгармачыл жаштары катыша алышат. Ар бир автордон 1ден 3кө чейин чыгарма кабыл алынат.
Сынактын жалпы бюджети 250 миң сомду түзөт жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен бөлүнгөн. Анын ичинен 150 миң сом байге фондуна, ал эми 100 миң сом көркөм материалдарды сатып алууга каралган.
Катышуучулардын эмгектери 2026-жылдын 1-сентябрынан 1-ноябрына чейин саат 16:00гө чейин Ош облустук Т. Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде кабыл алынат.
Бул демилге улуу сүрөтчүнүн чыгармачылык мурасын жаңы көз караш менен ачып көрсөтүүгө, маданий баалуулуктарды сактоого жана жаш таланттарды колдоого багытталган.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0772 65 15 42



