Бишкек шаарында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын ноябрь айына чейин борбор калаада 38 жаңы трансформатор орнотулуп, эскилиги жеткен 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордону заманбап жабдууларга алмаштырылат. Ошондой эле 278 темир-бетон мамы орнотулуп, кабелдик жана аба электр берүү линиялары реконструкцияланат.
Мындан сырткары, иштеп жаткан жабдууларды капиталдык оңдоо иштери да жүргүзүлөт. Чыгыш электр тармактар районунда 113 трансформатор оңдолуп, 25 жаңысы орнотулат. Батыш районунда 100 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, үч жаңы трансформатор коюлат. Ал эми Түндүк районунда 85 трансформатор оңдолуп, 10 жаңысы пайдаланууга берилет.
Учурда Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпысынан 2 миң 248 трансформатор бар. Жыл соңуна чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана зарыл болгон оңдоо иштеринен өткөрүлөт.
Энергетиктердин маалыматына ылайык, жүргүзүлүп жаткан модернизация электр тармактарына болгон жүктөмдү азайтып, чыңалуунун туруктуулугун камсыздоого, жаңы керектөөчүлөрдү кошууга мүмкүнчүлүк түзүүгө жана кыш мезгилиндеги электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бардык курулуш жана оңдоо иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин аяктайт.




