27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунда катуу шамал болуп, анын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жеткен.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынан турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркаган. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген чыгымдын көлөмү болжол менен 16 млн сомду түздү.
Бул боюнча Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өтүп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери талкууланды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тиешелүү мекемелерге жабыркаган жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү, социалдык объектилерди кыска мөөнөттө калыбына келтирүү жана мамлекеттик, муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле шамалдан жабыркаган эки жаранга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү милдети жүктөлдү.
Учурда облус аймагында келтирилген чыгымдарды тактоо жана жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда.



