Башкы беткеКоомЖол кырсыктарын азайтуу боюнча эл аралык демилгелер талкууланды

Жол кырсыктарын азайтуу боюнча эл аралык демилгелер талкууланды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча Атайын өкүлү Жан Тодт менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүү, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун коргоого багытталган эл аралык демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул багытта заманбап технологияларды киргизүү, жол коопсуздугу системасын өркүндөтүү жана эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүп жатканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар