Өзбекстанда 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонушун мыйзам аркылуу чектөө демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Эъзозхон Каримова билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган демилге парламенттин депутаттары жана сенаторлору менен талкууланып, учурда тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып жатат. Документ жакын арада коомдук талкууга чыгарылары күтүлүүдө.
Министрдин айтымында, азыркы шартта балдарды смартфондон толугу менен ажыратуу мүмкүн эмес. Ошондуктан негизги максат – өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонушун мыйзамдык негизде жөнгө салуу.
Белгилей кетсек, учурда Өзбекстандын мектептеринде сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынган. Бирок бул талап бардык билим берүү мекемелеринде бирдей деңгээлде сакталбай жатканы айтылууда. Өкмөт мыйзам аркылуу киргизиле турган чектөөлөр жаш өспүрүмдөрдүн интернеттеги коопсуздугун камсыздоого жана көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берет деп эсептейт.



