Кыргызстан менен Кытай жүрөгүндө тубаса кемтиги бар балдарга жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардам көрсөтүү боюнча кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин Пекин шаарына болгон расмий сапарынын жүрүшүндө Кытайдын Саламаттык сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчи орун басары Чжэн Чже менен тиешелүү макулдашууга кол коюлду.
Макулдашуунун негизинде «Боорукер саякат» аттуу гуманитардык долбоор ишке ашырылып, анын алкагында жүрөгүндө тубаса кемтиги бар кыргызстандык балдарга жогорку технологиялуу хирургиялык операциялар жасалат.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин ортосунда заманбап медициналык технологияларды өздөштүрүү, дарыгерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу багытында кызматташтык өнүктүрүлөт.
Расмий сапардын алкагында кыргыз делегациясы Кытайдагы алдыңкы Фувай жана Тянь-Тань ооруканаларында болуп, кардиохирургия жана нейрохирургия тармактарын өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул гуманитардык демилге өлкөдө заманбап кардиохирургиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, адистештирилген медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.




