Башкы беткеКоомОшто “Жаштардын креативдүү хабы” ачылды

Ошто “Жаштардын креативдүү хабы” ачылды

Бүгүн, 29-июнь Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы расмий ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мэриядан кабарлашкандай, “Жаштардын креативдүү хабы” долбоору 2020-жылы “Youth of Osh” коомдук уюму тарабынан ишке ашырыла баштаган.

“Бул – көп функциялуу аянтча. Хаб иш орду, билим берүүчү аянтча, коомдук мейкиндик, соода түйүнү жана эс алуу борборунун милдетин аткарат”, – деп айтылат маалыматта.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай инфраструктура шаардын атмосферасын өзгөртүп, жаштардын жашоосун кызыктуу кылат. Негизги максат – жаштарды чет өлкөгө же борборго кетүүдөн кармап, өз шаарында өнүгүүгө шыктандыруу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар