Бүгүн, 1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы автобус жана электробустарда жол кирени накталай төлөө жоюлуп, электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу системасы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.
Эгер карта жок болсо Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алса болот. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду транспорт каражатында орнотулган валидаторго тийгизүү жетиштүү.
Мындан тышкары, жаңы тартипке ылайык, жүргүнчүлөр “Тулпар” картасы менен биринчи жолу жол кирени төлөгөн учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолуга чейин акысыз которулуп жүрө алышат.



