Евразиялык өнүгүү банкынын 2025-жылдын жыйынтыктарына жана банктын 20 жылдыгына арналган иш-чаралар учурунда, калыстар тарабынан аныкталган журналисттик мыкты эмгектерге жети номинация боюнча сыйлык-белектер тапшырылды.
“Мыкты текст” жана “Борбордук Азия көз алдыда” номинациялары боюнча биздин журналисттер: Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин экономикалык баяндамачысы Кирилл Степанюк жана “Акчабар” сайтынын кабарчысы Злата Тетерь сыйлык ээлеринен болушту.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин, Экономика жана коммерция министрлигинин долбоор-сунуштамаларынын негизинде аталган банк тарабынан 2025-жыл үчүн каржыланган инвестициялардын көлөмү бир кыйла өскөн. Евразия өнүгүү банкы журналисттер, журналисттик жамааттар менен өнөктөштүктө иштөөгө мындан ары да көңүл бура тургандыгы жөнүндө банктын жылдык жыйынтыгынын жыйналыш-сессияларында белгиленди.
К. Раматов, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары



