Башкы беткеСаясатМарлен Маматалиев Тегеранда Иран парламентинин төрагасы менен жолугушту

Марлен Маматалиев Тегеранда Иран парламентинин төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев 3-июлда Тегеран шаарында Ирандын Ислам Кеңешинин Мажлисинин Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту.

Эскерте кетсек, жолугушуу Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Аятолла Сейед Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын алкагында уюштурулган. Анда Марлен Маматалиев каза болгондорго байланыштуу көңүл айтып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди.

Төрага бардык тараптарды эл аралык укукту сактоого, сабырдуулукка жана талаш маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстан Иран менен АКШнын ортосунда жетишилген макулдашууларды чыңалууну басаңдатууга багытталган маанилүү кадам катары бааларын белгиледи.

Ошону менен катар Иран жарандарынын арасында адам курмандыктарынын көп болушун жана жарандык инфраструктурага келтирилген зыянды эске алуу менен, Кыргызстан Иран элине гуманитардык жардам көрсөткөнүн белгиледи.

Өз кезегинде Ирандын Ислам Кеңешинин Мажлисинин Төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз элинин атынан аза кайгыларын тең бөлүшүп, Жогорку Лидерди узатууга барган Төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирди.

Муну менен бирге өлкөсүндөгү соңку кырдаал жана жетишилген макулдашуулар тууралуу да учкай кеп кылды. Андан тышкары жолугушууда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча да ой бөлүшүп, быйыл Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун жыйындары тууралуу да пикир алмашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар