Башкы беткеЭкономикаБишкек менен Шанхайдын ортосунда түз аба каттамы ачылат

Бишкек менен Шанхайдын ортосунда түз аба каттамы ачылат

Шанхай – Бишкек – Шанхай багыты боюнча түз аба байланышын ачуу боюнча “Кыргызстан аэропорттору” Кытайдын эң ири авиакомпанияларынын бири — China Eastern Airlines компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жаңы аба каттамын ачуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук байланышты кеңейтүүгө, жарандардын каттамдарын жеңилдетүүгө, ошондой эле туризмди, бизнести жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы этабын баштан кечирүүдө. Биз заманбап аэропортторду куруп, маршруттук түйүндү кеңейтип, дүйнөнүн алдынкы авиакомпанияларын кызматашууга тартуу менен, өлкөбүздү Чыгышты жана Батышты байланыштырган маанилүү транспорттук борборго айландырып жатабыз.
Шанхайга түз каттамдын ачылышы жөн гана учуулар картасындагы жаңы багыттын пайда болушу эмес. Ал Кыргызстанды дүйнөнүн эң ири экономикалык, финансылык жана технологиялык борборлорунун бири менен байланыштырат. Бул — арбын туристтер, арбын инвестициялар, ата мекендик бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышы дегенди билдирет”, – деп жазды Самидинов.

Азыркы тапта эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыштар, инвестициялар жана гуманитардык кызматташтык жигердүү өнүгүп жатат. Бул процесстерди заманбап транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу маанилүү экендиги белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар