Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда ири сенсациялардын бири катталды. Турнирдин башкы талапкерлеринин бири саналган Бразилиянын улуттук курама командасы 1/8 финалда Норвегияга 1:2 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды.
Беттеш 5-июль күнү АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Ратерфорд шаарында өттү. Норвегиянын жеңишинин башкы каарманы Эрлинг Холанд болду. Ал 79-мүнөттө эсепти ачып, 89-мүнөттө алыстан таамай сокку менен экинчи голду киргизип, командасын тарыхый жеңишке жеткирди.
Бразилия биринчи таймда алдыга чыгууга мыкты мүмкүнчүлүк алган. Матеус Куньяга каршы эреже бузулгандан кийин дайындалган пенальтини Бруно Гимарайнс аткарган. Бирок Норвегиянын дарбазачысы Эрьян Нюланн анын соккусун кайтарып, командасын голдон сактап калды.
Экинчи таймда бразилиялыктар оюнду толугу менен көзөмөлдөөгө аракет кылганы менен, норвегиялыктардын бекем коргонуусун буза алышкан жок. Оюндун негизги убактысына кошулган мүнөттөрдө Неймар пенальтиден бир гол киргизип, эсепти кыскартты. Бирок бул гол Бразилияны мөөнөтүнөн мурда үйүнө кайтуудан сактап кала алган жок.
Беш жолку дүйнө чемпиону болгон Бразилия үчүн бул жеңилүү чоң көңүл калуу болду. Ал эми Норвегия өз футбол тарыхындагы эң маанилүү жеңиштеринин бирине жетишип, алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына жолдомо алды.
Белгилей кетсек, Норвегия Бразилия менен болгон расмий беттештерде бир да жолу жеңилүү ызасын тарта элек.
Эми норвегиялыктар 12-июлда өтө турган чейрек финалда Мексика менен Англиянын беттешинде жеңишке жеткен командага каршы оюн өткөрөт.



