Кыргызстандын «Байчечекей» жана Өзбекстандын «Гунча» балдар журналдары расмий кызматташа баштады. Өзбекстандык журналдын башкы редактору Дилфуза Шомаликова өнөктөштүк тууралуу сунушту кыргызстандык кесиптеши Назгүл Калмамбетовага билдирип, «Байчечекей» журналынын редакциясы бул демилгени толук колдоду.
Бул кызматташтык маанилүү кесиптик жана социалдык мааниге ээ. Эки редакциянын биргелешкен иши сапаттуу балдарга арналган контентти жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт. Долбоордун алкагында журналдардын беттеринде кыргыз жана өзбек авторлорунун мыкты аңгемелери, ырлары жана жомоктору үзгүлтүксүз которулуп жарыяланып, жаш окурмандар коңшу өлкөнүн маданияты жана адабияты менен таанышат.
Дилфуза Шомаликованын белгилөсүндө, мындай биргелешкен иш балдардын жаш кезинен эле элдердин өз ара түшүнүшүүсүнө бекем пайдубал түзөт. Ал эми Назгүл Калмамбетова сапаттуу адабий чыгармаларды алмашуу өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымын жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болорун билдирди.
Эки журнал тең узак тарыхка жана мамлекеттик колдоого ээ. «Гунча» журналы Өзбекстандын Элге билим берүү министрлиги тарабынан 1958-жылдын январынан бери 6–11 жаштагы балдар үчүн чыгарылып келет. Ал эми Кыргызстандын «Байчечекей» журналы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Журнал 1977-жылдын январынан бери чыгып келет жана келерки жылы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилейт.



