Башкы беткеКоомБишкекте жаңы жол кире тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Бишкекте жаңы жол кире тарифин 56 миңден ашык адам пайдаланды

Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто ишке киргизилген кайра отуруу тарифин алгачкы алты күндө 56 миңден ашык жүргүнчү пайдаланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы система иштей баштагандан бери 56 817 акысыз кайра отуруу катталган.

Эрежеге ылайык, жол кирени накталай эмес төлөгөн жүргүнчүлөр биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык каттамдардын ортосунда кошумча акы төлөбөстөн кайра отура алышат.

“Кайра отуруу тарифин пайдалануунун жогорку көрсөткүчү анын шаар тургундары арасында чоң суроо-талапка ээ экенин тастыктап турат. Жаңы механизм каттамдарды натыйжалуу уюштурууга жана коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар