Башкы беткеКоом“Түндүк” тиркемеси аркылуу президентке түз кайрылууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу президентке түз кайрылууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жарандардын Президент Садыр Жапаровго электрондук кайрылуу жөнөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жаңы сервис ишке кирди.

Иштеп чыгуучулардын маалыматына ылайык, “Президентке кайрылуу” кызматы жарандар менен мамлекет башчысынын ортосундагы байланышты жөнөкөйлөтүп, бюрократиялык жол-жоболорду кыскартууга багытталган.

Эми кайрылуу берүү үчүн кагаз түрүндөгү арыз даярдап, почта аркылуу жөнөтүүнүн же Президенттин администрациясына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок. Бардык кайрылуулар “Түндүк” тиркемеси аркылуу электрондук форматта кабыл алынат.

Колдонуучулар кайрылуусуна расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка тастыктоочу материалдарды тиркей алышат. Жөнөтүлгөндөн кийин кайрылуу расмий каттоодон өтүп, анын кароо баскычын тиркеме аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Жаңы кызматты колдонуу үчүн “Түндүк” тиркемесин акыркы версияга чейин жаңыртып, башкы беттен “Президентке кайрылуу” бөлүмүн тандоо жетиштүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар