Башкы бетке∅Куршаб айылын айланып өткөн 8 чакырымдык жаңы жол курулат

Куршаб айылын айланып өткөн 8 чакырымдык жаңы жол курулат

Ош—Өзгөн унаа жолунда Куршаб айылын айланып өткөн альтернативдүү жол курулат. Анын узундугу 8 чакырымды түзүп, курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалууда.

Долбоордун бет ачары Ош шаарында өтүп, анда Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев жаңы айланма жолду куруу зарылдыгы Куршаб айылындагы тынымсыз жол тыгындары жана жергиликтүү тургундардын кайрылуулары менен байланыштуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, долбоордун эки варианты – 8 жана 13 чакырымдык маршруттар каралып, жыйынтыгында 8 чакырымдык вариант тандалып алынган.

Ош—Өзгөн автожолу Ош—Бишкек эл аралык трассасынын курамына кирип, өлкөнүн түштүк аймактарын борбор менен байланыштырган негизги транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.

Расмий маалыматка ылайык, бул тилкеде суткасына 20 миңден ашуун унаа жүрөт. Унаа агымынын көбөйүшүнө байланыштуу келечекте аталган жолду төрт тилкелүү кылып кеңейтүү да пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар