Башкы беткеКоомУКМК чек ара өткөрмө пункттарындагы ири коррупциялык схеманы аныктады

УКМК чек ара өткөрмө пункттарындагы ири коррупциялык схеманы аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте мамлекеттик чек аранын Өзбекстан менен чектеш өткөрмө пункттарында мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктап, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 5-июлда «Кадамжай» жана «Чечме» көзөмөл-өткөрүү пункттарында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдары кармалган.

Тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү улуттук валюта, Өзбекстандын суму жана АКШ доллары табылып, далил катары алынган.

Мындан тышкары, кошумча тергөө иштеринин алкагында УКМКга «Кадамжай» өткөрмө пунктунан 27 адам, анын ичинде чек ара кызматкерлери, бажы, ветеринардык көзөмөл кызматкерлери, фельдшер жана жарандар жеткирилсе, «Чечме» өткөрмө пунктунан 14 кызматкер жеткирилген.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар